Бишкек-Торугарт жолундагы дарыядан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция аны таанууга жардам сурайт

Бишкек-Торугарт жолундагы дарыядан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, каза болгон адамдын денесинде кылмыш белгилери жок. "9-январда Бишкек-Торугарт автожолунун 33-чакырымындагы "Чу" дарыясынан азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгон адам болжол менен 30-35 жаштарда, бою 165-170 сантиметр. Үстүндө кочкул-көк түстөгү спорттук шым, кочкул-көк түстөгү свитер жана көк түстөгү кызыл жакалуу футболка болгон. Аталган факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталды. Каза болгон адам тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө же 102 кызматына кабарлап коюусун өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Байланыш телефондору: 0(312) 61-69-07, 0(701) 88-62-95, 0(707) 25-79-02 же 102 кыска номери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Medina87
2019-01-25 19:37:29
Кийимин эмес маркумдун озунун суротун корсотушсо, балким тааныгандар табылмак.
+7
BoDiNur
2019-01-25 21:11:25
Medina87,суудан табылса таанылбай деле калды болуш керек
+2
algakaray
2019-01-26 01:27:39
Ыйманы саламат болсун маркумдун. Эми эки футболка бир шымы менен кундо коруп жургон эле жакындары тааныбаса башкалар таанышы кыйын го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан