Бишкекте Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошотуу күнүнө карата митинг-реквием өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкектин вице-мэри Асел Куламбаева сөз сүйлөп, "Бишкек шаарынын тургундарынын атынан Санкт-Петербург шаарынын жашоочуларын Ленинграддын блокададан бошотулушунун 75 жылдыгы менен куттуктайм. Бул күн Кыргыз эли үчүн дагы маанилүү. Мындай оор күндөрдө Кыргыз эли азык-түлүктөрдү жөнөтүүнү уюштуруп турган", - деди.
Иш-чаранын катышуучулары Ленинград блокадасында курман болгондорду эскерип, алардын элесине арналган эстеликке гүлчамбар коюшту.
Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошотуу күнү 27-январда белгиленет.
Белгилүү болгондой, Бишкекте бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 148 ардагер жашайт. Анын ичинде 11 ардагер Ленинградды блокададан бошотууга катышкан. Шаардык бюджеттен ардагерлерге квартал сайын 3 миң сом өлчөмүндөгү каражат социалдык жардам катары, 9-майда 10 миң сом өлчөмүндө берилип турат.