Экс-министр Молдомуса Конгантиевдин иши тергелип бүтүп, 25-декабрда Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов ырастады.
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы жөнүндө 2018-жылдын июль айында белгилүү болгон. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылганын айтып, Молдомуса Конгантиевге болгон иш толук жабылганын билдирген.
Андан соң Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштап, ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Башкы прокуратура өзүнө өткөрүп алган. Иликтөөнүн жыйынтыгы 30-ноябрда чыгып, кайра тергөө үчүн УКМКга жөнөтүлгөнү маалым болгон.
Молдомуса Конгантиевг 2010-жылдагы Апрель окуясында кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Ал 2010-жылы Апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, кийин Орусиянын аймагында кармалып, 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз мамлекетине өткөрүлүп берилген.