Депутат Бакыт Төрөбаев "Жалал-Абад" аэропортунун айынан көп кабаттуу үйлөр курулбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 25-январда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында билдирди.
Төрөбаев 2018-2040-жылдарга карата өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында Транспорт министрлигинин стратегиялык пландар, максаттар боюнча даярдыктары жоктугун сынга алды. "Жалал-Абад шаарынын башкы планында көрсөтүлбөгөн “Жалал-Абад” аэропортунун айынан көп кабаттуу үйлөр курулбай жатканы чоң көйгөй", - дейт Төрөбаев.
Фракция жыйынында Транспорт жана жолдор министрлигинин аткарып жаткан иштери жана планы каралган.
Жыйынтыгында улуттук стратегиянын алкагында аталган министрлик стратегиялык пландарды иштеп чыгуу, жүк ташуучу вагондорду сатып алуу, темир жол каттамдарын көбөйтүү, жол куруу боюнча улуттук компания түзүү маселесин караштыруу жана башка бир катар тапшырмалар белгиленген чечим кабыл алынды.