"Туризм экономиканын келечектүү тармагы болуп саналат, ошондуктан ага чоң ишеним артылат" деп кечээ, 25-январда өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Өкмөт башчы белгилегендей, бизде туристтерди тарта турган кооз жаратылыш, тарыхый-маданий эстеликтер, меймандос элибиз бар.
"Биз жеке менчик түрүнө карабастан, туризм объектилерине өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Таш-Рабат, Сулайман тоо, Санташ, Жыргалаң, Ысык-Ата сыяктуу маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу комплекстерди мамлекеттик жеке өнөктөштүк алкагында өнүктүрүү зарыл деп эсептейм. Бул объектилер мамлекеттин кызыкчылыгында натыйжалуу иштешин каалайбыз. Бизнести туризм тармагын өнүктүрүүгө тартуу кажет", - дейт Абылгазиев.