Бүгүн, 26-январда маалымат каражаттарында "Токмоктогу чек ара бекетинде аткезчилер атыша кетти" деген маалымат тарады.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бул маалымат текшерилип жатканын билдирди. "24-январдан бүгүнкү күнгө чейин мындай окуя катталган эмес. Ошондой эле Чүй облусунун ооруканаларына ок жеген жарандар кайрылган эмес. Учурда милиция кызматкерлери окуяны тактоо үчүн иш алып барууда", - деп жазылат маалыматта.
Айрым маалымат каражаттары атышуу 25-январда болду деп жазып жатышса, кээ бирлери 16-январда болгонун жарыялашты.