"Электр станциялар" ишканасы: "Бишкек ЖЭБинде оңдоп-түзөө иштери бүттү. Жылуулук берүү калыбына келтирилди"

Бишкек ЖЭБинде оңдоп-түзөө иштери бүттү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 21:00 чамасында оңдоп-түзөө иштери соңуна чыкты. "Суу менен камсыз болгон түтүктө мүчүлүштүктөр пайда болгон. Мындан улам оңдоо иштери жүргүзүлүп, айрым жерлерде жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөтүлгөн. Учурда калыбына келтирилди", - деп билдирди ишкананын басма сөз кызматы.

Социалдык түйүндөрдө былтыркы окуя кайталанып, ЖЭБде авария болгону тууралуу айтылууда. Оңдоо иштери жүргүзүлө турганы алдын ала кабарланган.

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланылганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
munar1980
2019-01-27 01:40:13
Кудай сактаптыр дагы 1 кун жылылуук жок болгондо билбейм не болмок
0
Erik2018
2019-01-28 09:41:10
ЖЭБди Калыбына келтирип жакшы болуптур. Мурунку өкмөт башчы таза иштегенде мындай абал жаралмак эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан