Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы" долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.
Дүйнөлүк банк “Digital CASA” долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.
Долбоор төрт компоненттен турат:
- Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- Санариптик платформаларды жана "акылдуу" чечимдерди өнүктүрүү;
- Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү;
- Программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.