29-январда "Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
"Курулуш тармагында бир катар көйгөйлүү маселелер бар. Курулуш өлкө экономикасынын өнүгүү темпин аныктоочу маанилүү жана мультспектордуу тармак экендигин белгилей кетүү зарыл. Бул тармакта иштеген юридикалык жактар ЖЭС, ЖЭБ, ГЭС түтүн чыгаруучу түтүктөрдү, мунараларды, көпүрөлөрдү, жер алдындагы, жер үстүндөгү өтмөктөрдү, эл аралык аэропортторду, темир жол вокзалдарын, магистралдык темир жолдорду курууда, долбоордук документацияларды макулдашууда бир катар көйгөйлөргө учурашат. Масштабдуу мүнөзгө ээ болгон объекттерде долбоор бир комплексти түзгөн бир катар курулуштардан тургандыктан экспертиза жүргүзүү мезгили узарат.
Курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезегин эске алуу менен долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу аркылуу курулуш долбоорлорунун негизинде жүргүзүү убакытты кыскартат жана өз объектилерин убагынан мурда берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ошого байланыштуу кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоору сунушталууда.
Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору аталган милдеттерди чечүү менен мындан аркы курулуш долбоорлорун ишке ашырууга жана аяктоого мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылат маалыматта.