Бүгүн тармактык комитет 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын талкуулайт

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Анда 2018-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышынын алдын-ала жыйынтыктары жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Аталган маселе боюнча финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Олег Панкратов жана мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров баяндама жасайт.

Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын бириктирилген долбоору экинчи окууга киргизилип, талкуу болот.

Бул долбоор мамлекеттик башкаруу тармагындагы бюджет тартыштыгы менен мамлекеттик карыздын өлчөмүн так чектөөгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан