Бүгүн парламенттик комитет адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулайт

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңеште Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жыйында президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралат.

Өткөн жумадагы парламенттин жалпы жыйынында эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоору керек экенин айтышып, бирок кайрадан жумушчу топ иштеп, комиссия карап чыгышы керектигин билдиришип, артка кайтарышкан.

Ал эми саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев эгерде мыйзам долбоору ишке кирсе, аны аткарууга лабораториялар жок экенин айткан.

"Кыргыз мамлекетинде лабораториялар жок. Андай лабораторияны куруп, керектүү жабдууну алууга 2,5 миллион доллар каражат керек. Бизде мындай каражат жок", - деген Каратаев.

Мындан тышкары жыйында "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышын контролдоо жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан