Уэльстик "Кардифф сити" футбол командасынын чабуулчусу Эмилиано Сала отурган учак абадан жоголуп кеткен. Учакты издөө иштери токтотулганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Франциянын Нант шаарынан Улуу Британиянын Уэльс административдик аймагына учкан учак 22-январда Ла-Манш кысыгынан жоголуп кеткен. Учакта бир экипаж жана 28 жаштагы аргентиналык футболчу Эмилиано Сала бар болгон. Гернси аралынын полиция кызматкерлери радардан жоголуп кеткен учакты издөө үчүн 3 учак, 5 тик учак аркылуу куткаруу иштерин баштаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай натыйжа болбогондуктан издөө жана куткаруу иштери токтотулган.
Издөө иштери токтулгандан кийин футболчунун бир тууган эжеси маалымат жыйын өткөрүп, куткаруу иштерин кайрадан жандантуусун айткан.
Эмилиано Сала ушул жылдын 20-январында "Нанта" клубунан "Кардифф сити" клубуна өткөн. Чабуулчуга 20 миллион евро төлөнгөн.