Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына эс алууга кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев бүгүн, 28-январда учуп кеткен.
"Мен мурда билдиргендей, Атамбаев кыска эмгек өргүүсүнө чыкты. Үй-бүлөсү менен бир жума Бириккен Араб Эмираттарында болуп, кайра кайтат", - деди Жолдубаева.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин 11-январда Индияга бара турганы айтылып, бирок ал сапар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.