Бул күнү төрөлгөндөр жалгыз жүрүп эрдик кылганды каалашат, команда менен иштөө буларга тиешелүү эмес. Жалпыга тиешелүү болгон эрежелерге баш ийишпейт. Шайыр, чечкиндүү, бир орунда тура албаган, кызыктуу окуяларды жана өзгөчө нерселерди жактырган инсандар. Жакындарынын ишеничи күч болсо тоону да томкорууга даяр. Болуп жаткан нерселерге анализ жүргүзүү үчүн билимге, жаңылыкка сугарылып турууну каалашат.
Ак көңүл жана берешен бул адамдардын жеке жашоосу да ойдогудай болот.
Атактуулардан саясатчы Медетбек Керимкулов, ырчы Ырыскелди Осмонкулов, Франциянын экс-президенти Николя Саркози, орусиялык актриса Ольга Кабо, америкалык музыкант Ник Картер ушул күнү төрөлгөн.