Астротөлгө: 30-майда төрөлгөн адамдардын тынчы жок болобу?

30-май күнү бир мүнөт да тыным албаган, тынчы жок эгиздер төрөлөт. Алар бир эле мезгилде бир нече ишти аткара алган адамдар болушат.

Бүгүн жарыкка келген эгиздер билимдүү, акылынын курчтугу менен айырмаланат. Өзгөчө идеялары менен коом деген боз талаадагы кызыл гүлдөй болуп турушат. Артисттердин эмгегин баалайт. Анткени өздөрү дагы чыгармачыл болушат. Жаркылдаган кабагы, жайдары мүнөзү көп дос күтүүгө өбөлгө болот. Мындай жарык адамдарга ашык болбой коюуга такыр мүмкүн эмес.

30 санынын алдында төрөлгөндөр негизги баалуулук деп эркиндикти айтышат. Жашоосундагы, жумушундагы чектөөлөргө моюн сунуп калбайт. Бирөөлөрдүн кол алдында иштегенди жактыра бербейт. Андыктан "өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип" иштесе ийгиликке жетишет. Жеке пикирин билдирүү, демилге көтөрүү - алардын ишинин, ийгилигинин ачкычы.

Ушул күнү жарыкка келген эгиздер тынчы жок, алаңгазар адамдардын катарына кирет. Мындан улам көпчүлүк аларга ишеним арта албайт. Ошондуктан тааныштарына, жакындарына сөз берүүдөн этият болгону оң.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан