4-октябрь күнү төрөлгөндөр акылдуу, намыскөй жана эмгекчил болушат. Шайыр болушканы менен алдыга койгон максатына жана пландарына олуттуу мамиле жасайт. Адамдарга кылган сылык мамилесинен жана элпектигинен улам аларды сыртынан карап чечкинсиз деп айтууга болбойт. Анткени бул күнү жарыкка келгендер ишине так, өзүнө талапты коё билип, атайын принциптердин чегинде кийин өкүнүп калбоо үчүн ар бир кадамын ойлоп басат.
Аталган күнү төрөлгөндөр иши дайыма алга жүрүп туруусу үчүн бардык күчүн жумшайт жана өз тандоосунун туура эмес жагын көрсөтпөөгө, башка адамдарга идеалдуу болуп көрүнүүгө тырышат. Бийликти көп убакытка чейин чеңгелинен чыгарбай турууга жөндөмдүү болушканы менен, байлыкты каалагандай чачып жашоосун жаңылыктар менен байытууну эп көрөт.
Ишенчээк болгондуктан түгөй тандоодо кылдат мамиле кылат.