Жогорку Кеңештин комитети мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70 пайыз деп кабыл алды

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү. Аталган жыйында "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Анда мыйзам долбоорунун демилгечиси Марлен Маматалиев мамлекеттик карыздын чегин ички дүң продукцияга карата 65 пайыз деп кабыл алууну сунуштаган.

Бирок мындай пайыздык көрсөткүчкө финансы министри Бактыгүл Жээнбаева каршы.

Ал мамлекеттик карыздын чегин ички дүң продукцияга карата 70 пайыз деп белгилөөнү сунуштады. "Өлкөдө ички дүң продукциянын көлөмү өсүп кетиши мүмкүн. Бул доллардын кунуна байланыштуу болуп калат. Ошондуктан мамлекеттик карыздын чегин 70 пайыз деп көрсөтүп жатабыз", - деди Жээнбаева.

Депутат Сайдулла Нышанов финансы министрине бул өтө жоопкерчиликтүү иш экенин айтып, так иш алып баруу керектигин эскертти.

Мыйзам долбоорунун максаты сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруу тармагындагы бюджет тартыштыгы менен мамлекеттик карыздын өлчөмүн так чектөөгө багытталган.

Жыйынтыгында тармактык комитет мамлекеттик карыздын чегин 70 пайыз деп кабыл алды. Мыйзамдын күчүнө кирүү датасы катары 2020-жылдын 1-январын белгилөө сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
grace
2019-01-28 13:52:35
Бул жемкорлор саткындар тоёбу?Арам акчалар көзүңөрдөн тешип чыксын ылайым!
+2
Chungyz
2019-01-28 13:56:15
Карыз толонот катын жанга калат
-2
Erik2018
2019-01-28 14:35:22
Мамлекеттин карызын биздин Атамбаевге окшогондор элди ойлобой эле кара курсактарын кампайтып жарытылыктуу деле иш кылышкан жок. Ошолор алышкан карыздын баарын.
+2
TalaCSKA
2019-01-28 14:45:27
Негизи ички дун продукциядан 50% тен ашпаш керек эле да айласы кеткенде кылган иштери да кан ичкичтердин
-1
Jelezo
2019-01-28 15:04:11
ПРЕЗИДЕНТ айты деп отура бербей 100 эле кылып койбопсунар кийин дальше некуда деп койосунар.
0
Azake0103
2019-01-28 15:20:45
Мамлекеттик карыздын чегин 70 пайыз деп кабыл алуу туура эле болмок. Анткени, мыйзам долбоорунун максаты мамлекеттик башкаруу тармагындагы бюджет тартыштыгы менен мамлекеттик карыздын өлчөмүн так чектөө. Ошондуктан мен муну колдойм
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан