Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын алдын-ала жыйынтыктары жөнүндө маселени кароо бир жумага жылдырылды.
Мындай сунушту депутат Акылбек Жапаров киргизди.
"2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын талкуулоого көп убакыт кетет. Ошондуктан тиешелүү министрликтердин даярдануусуна дагы бир жума убакыт берели да кийинки дүйшөмбүдө карайлы. Тактап айтканда, 4-февраль күнү кеңири талкуулайлы", - деди эл өкүлү.
Аталган маселе боюнча финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Олег Панкратов жана мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров баяндама жасамак.