Жыл ичинде бир катар өткөрүү пункттары реконструкцияланып, инспекциялык текшерип кароо комплекстери менен камсыздалат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Ражабалиев билдирди.
Анын айтымында, бир катар өткөрүү пункттары инспекциялык текшерип кароо комплекстери менен жабдылып, алар жүк бөлүмдөрүн ачпай туруп, транспорт каражаттарын жана товарларды сканерлөө үчүн арналган.
"Бул нерсе бажы көзөмөлүн жүргүзүү процессин тездетүүгө жана жалган декларациялоо учурларын азайтууга көмөк көрсөтүүгө тийиш. Өткөн жылы "Кызыл-Кыя" өткөрүү пунктунун оңдоо иштери аяктаган, "Кайрагач", "Кызыл-Бел" өткөрүү пункттары жайгаштыруу жана техникалык жабдуусу аяктоо баскычында. Үстүбүздөгү жылдын август айына чейин "Торугарт" жана "Эркештам", "Кызыл-Кыя", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Карамык" өткөрүү пункттары, "Кара-Суу", "Шамалды-Сай", "Кызыл-Кыя" жана "Жалал-Абад" темир жол өткөрүү пункттарынын жумуштары аяктоого тийиш жана 2020-жылдын аягына чейин "Достук", "Бор-Дөбө" өткөрүү пункттарын реконструкциялоо боюнча жумуштарды аягына чыгаруу пландалууда", - дейт Ражабалиев.