Өткөн жылы Бажы кызматы тарабынан 1 миң 601 мыйзам бузуу фактысы катталган

2018-жылы өлкө аймагында Бажы кызматы тарабынан мыйзамсыз жүктөрдү алып кирүү жана мыйзам бузуу боюнча 1 миң 601 бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда маалымат жыйынында Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басары Шамиль Бердалиев билдирди.

"Мыйзам бузуулар боюнча маалымат топтолуп, тергөөгө 240 материал өткөрулуп берилген. Анын 149у боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдарды төлөп берүүдө 2017-жылга салыштырмалуу былтыр 36,1 миллион сом акча көп чогултулуп, натыйжада 89,4 миллион сомду түзгөн", - дейт Бердалиев.

Белгилүү болгондой, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2018-жылга бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн пландык көрсөткүчү 39,8 миллиард сом суммасында бекитилген. 2017-жылдын көрсөткүчтөрү менен салыштырганда болжол 16,4 пайызга өсүү менен же 5,6 миллиард сомго көп бекитилген. Өткөн жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылга бекитилген болжолдуу көрсөткүчтөрдү 3,7 миллиард сомго жогорулатуу менен түзөөтү боюнча чечим кабыл алынган. 2018-жылга бажы төлөмдөрүнүн такталган түшүү болжолу 43,5 миллиард сомду түздү же 2017-жылга салыштырганда 9,3 миллиард сомго көп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан