Депутат Икрамов: "Маданият министрлиги, чет элден келгендерге жакшы нерселерди көрсөтө албай жатасыңар"

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде "Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндө" токтомунун аткарылышы жөнүндө маселе каралууда.

Талкуу учурунда депутат Тазабек Икрамов маданият жана туризм тармагын көтөрүү боюнча көп маселелер Жогорку Кеңеште каралып, эл өкүлдөрү дайыма колдоого аларын айтып, бирок тиешелүү министрликтер ишти аткарбай жатканын сынга алды.

"Көп маселени көтөрүп, эл өкүлдөрү колдоп беребиз.Салтуу музыкадан баштап, улуттук кийимдерге чейин даңктап алсак болмок. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, чет элден келгендерге жакшы нерселерди көрсөтө албай келесиңер. Ал үчүн атайын жарнамалар дагы жок. 5-мартты Ак калпак күнү деп белгилегенбиз. 2016-жылы токтом кабыл алынып, бекитилди эле. Былтыр да бул боюнча эч кандай иш-чаралар аткарылган жок. Монголияда 10 жылдан бери улуттук кийимдердин парадын өткөрөт. Алардын улуттук кийимин көрүү үчүн чет жактан бери туристтер келет экен. Биз токтом чыгарып берсек аталган министрлик, ошону да аткарганга жарабайсыңар! Мамлекеттик деңгээлде жасап койсоңор болмок. Буга каражат деле кетпейт. Быйыл 5-март - Ак калпак күнүн өткөрүү иш-чарасын өзүм карап, көзөмөлдөйм. Ошондуктан кандай иш алып барасыңар алдын ала мага алып келип бергиле", - деди Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
taalay25
2019-01-28 15:28:20
Озум козомолдойм дегендей сен кимсин анчалык байкеси! Кириминалдагы жаргондорун таштасак эми
0
Alixan-Nookat.2015
2019-01-28 18:32:34
Өзүн ким сезип жатат өзүңөн кетпе жигит,2 жыл дене тарбия мугалими болуп иштеп кандай наам алды?
0
baltabaev
2019-01-28 20:25:39
Хм((
0
Flowhive
2019-01-28 21:01:32
Орел и решка келгенде "эң сонун " күтүп алдыңар эле,эми экинчи келгис болду окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан