Бут коёрго орун жок. Албек Ибраимовдун жактоочусу сот отуруму өтүп жаткан залдын тардыгына нааразы болду

Жактоочу Сергей Слесарев Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун иши каралып жаткан Октябрь райондук сотунун сот залынын тардыгына нааразы болду. Ал отурумду башка залда өткөрүү өтүнүчүн келтирип, бирок колдоо тапкан жок.

"Албек Ибрамов менен бирге залда 8 айыпталуучу жана анын жактоочулары, андан сырткары журналисттер жана айыпталуучулардын жакындары отурат. Залда алардын баары батууга шарт жок. Ошондуктан ишти башка, кенен бөлмөдө кароо керек", - деди Слесарев.

Ишти карап жаткан судья Кымбат Архарова мындан башка кенен зал жоктугун айтып, анын өтүнүчүн жаңы имарат салынганда гана канааттандырарын билдирди.

Бүгүн, 28-январда Албек Ибраимовдун сот отуруму улантылып, 3 айыпталуучунун жактоочулары сотко келбей калып, сот отуруму 30-январга жылдырылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Altyn2017
2019-01-28 19:22:33
Арыктап калыптыргоо Албек Аташканардын доору бүттү
-1
bessmertiy
2019-01-28 19:42:56
Албек кандай? Текебаевдин тагдыры башыңа түштүбү?
-1
555-777
2019-01-28 21:06:25
Ач коздонуп Бишкекте канчалаган жерлерди гектарлап озуно откоруп алдын эле эми эмне болду бут коёрго жер калбай калдыбы?
-1
Farra16gsin
2019-01-29 07:31:28
Бул жер сот залы деп койот жактоочу мырза Албектин даачасы эмес элдин баары баткыдай
0
Azatbek.Svoboda.
2019-01-29 13:26:39
Вор должен сидеть!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан