Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда иши каралып жаткан Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова соттук отурумдун улам сайын жылдырылып жатышына нааразы.
"Соттук отурум өтүп жаткан зал өтө тар болуп жатат. Эми 14 айыпталуучунун ар биринин жок дегенде бирден жакыны келгенде да батпайт. Зал деген конвойлорго эле толуп калып жатат. Ар бир соттолуучуга үчтөн конвой турат. Эми эсептеп көрүңүз. Ал эми залдын тардыгынан биздин жакындар жана башка тарапташтар сыртта кирбей калып жатышат. Биздин жолдошторубуздун карып калган апалары да келип жатат. Жок дегенде алар отурганга орундук болушу керек да. Мындан улам биз ар бир отурумда кененирээк зал сурап келебиз, бирок биздин сураныч канааттандырылбай келет.
Ал эми соттук отурумдун апта сайын жылдырылышын түшүнбөй деле калдым. Бүгүнкү отурумда биз залга кире албай жатканда судья чечимди чыгарып, биз киргенде аны окуп коюп кетип калды", - деди нааразы болгон Айнура Ибраимова.
Буга чейин соттук отурум 10-апрелге жылдырылганын билдиргенбиз. Анын себебин судья 3 жактоочу башка жактагы соттук отурумда болуп жатканы менен түшүндүргөн.