Экс-мэрлер Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады

Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

"Буга чейин Ленин райондук сотунун өкүмүнө макул болбой, шаардык сотко апелляциялык даттануу жөнөткөнбүз. Бүгүн 7-февралда алгачкы процесс болуп өттү. Анда отурумдун тартиби тууралуу макулдаштык. Эми соттук иштин процесстери аптанын ар бир жума күнү өтүп турат", - дейт жактоочу.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган.

Ал эми 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр кызматын аркалаган Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталган.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2020-02-07 13:11:32
Шаардык сот Албекти 20 жылга эле кесип салсын.
-7
chake
2020-02-07 13:13:17
буга окшогон коррупционерлер кытайда болгондо эчак эле ит аткандай атып салмак
-8
Absamat-90
2020-02-07 13:16:08
булар ак иштегенде азыр аэропорт гулдоп, шаарда балдар бакчасы мектеп тартыш болмок эмес.
-8
Alimbek1000
2020-02-07 13:26:47
өзүн гана ойлогон ууру мэрлер. АШАнын убагында жыргадыңар го
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан