Токмоктогу өткөрүү пунктунан аткезчилердин атышуусу болгону тууралуу жазып чыккан журналист суракка чакырылды

Токмоктогу өткөрүү пунктунан аткезчилердин атышуусу болуп, 1 адам жаракат алганы тууралуу жазып чыккан журналист суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда журналист Марат Уралиев социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, журналист 25-январга караган түнү саат 3:00дөн саат 5:00гө чейин айланма жолундагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилердин ортосунда атышуу болгонун өздүк булагына таянып жазып чыккан. "Дастан жана Кубан аттуу адамдар көп жылдардан бери "Чемпион" каймана аты менен белгилүү болгон депутат Бахтияр жана Аскат аттуу жаңы аткезчилери "каттоого" алуу үчүн жолугушкан. Анда Дастан жана Кубан унааларды текшерүүчү көзөмөл-өткөрүү пунктунан жаңы аткезчилерге баш ийген оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун ур-токмокко алган. Жагдайды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерге Бахтияр менен Аскат аттуу жарандар келип ортодо мушташ чыгып, курал да колдонулган. Алгачкылардан болуп Дастан аттуу жаран ок чыгарган, кийин Кубан деген киши да ок чыгарган. Кийин эки тарап тең унааларын таштап, окуя болгон жерден изин жашырышкан. Дастан аттуу жаран каршылаштарынын унаасынын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарып кеткен. Ошондой эле маалыматта Аскат аттуу жаран октон жаракат алган", - деп жазылат маалыматта.

Бул макаланы жазган журналист Уралиев социалдык түйүндөгү баракчасына төмөнкүлөрдү жазды.

"Эмнеге милиция мынчалык төмөндүккө барып жатканын түшүнө албай жатам. Мени Чүй ОИИББине чакырып, түшүнүк кат алгысы келип жатат. Алар "атышуу жөнүндө маалыматтарды кайдан алдың?" деген суроо бергиси келүүдө. Ал нерсенин буларга эмне кереги бар? Андан көрө иштеп, окуянын чоо-жайын аныктап башташса болмок. Токмоктун баары бул атышуу тууралуу билишет, ал эми милиция кызматкерлеринин бүгүнкү күнгө чейин бул тууралуу кабары жок. Балким, алар буга өздөрүнүн тиешеси бар, ошол себептен эч нерсе билбей жатышат", - деп жазды Уралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azatbek.Svoboda.
2019-01-28 20:30:34
Братва не рвётся к власти!Они давно рвали! Алар ушул кунго чейин элди башкарып келип жатышат!
+4
zevs
2019-01-28 20:38:58
Milisyanin kuchu karapayim elge gana jetet bawka emne kylat.
+4
souza.j
2019-01-28 22:33:54
Братвалар башкарууда экендиги айдан аычк.
+1
didu
2019-01-29 08:44:48
братвалардан болсо милиция кор болуп калат
+1
Skarlett-Skarlett
2019-01-29 12:17:48
Эхх!Чындык жок,журналист болуу деле кыйын болуп калды го....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан