Кыргыз өлкөсүндөгү коррупциянын абалы өзгөргөн жок

Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээледи. Бул туурасында антикоррупциялык "Transparency International" эл аралык уюмунун расмий сайты жазып чыкты.

Аталган уюмдун изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы Кыргыз мамлекети коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 29 балл алып, 2017-жылдагы көрсөткүчтү кайталаган. Муну менен Кыргыз өлкөсүнүн абалы туруктуу деп бааланган. Ал эми орундун жылышы тизмеден чыгып кеткен же тизмеге кошулган өлкөлөрдүн санынан көз каранды. Мисалы, 2017-жылы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргыз мамлекети 135-орунду алган.

Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 2013-жылы 177 өлкөнүн ичинен 150-орунда, 2014-жылы 150-орундан 136-орунга жылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан