Парламентте курулушка тиешелүү документтерди өз маалында алуу үчүн бирдиктүү терезелерди уюштуруу сунушталды

"Эгерде курулушка документтерди өз маалында алуу үчүн бирдиктүү терезелер уюштурулса, курулушка уруксат алуу документтерин топтоо убактысы анчалык деле узармак эмес, тилекке каршы, азыр андай болбой жатат". Бул тууралуу бүгүн, 29-январда депутат Махабат Мавлянова "Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев бул мыйзам долбоору мурда кабыл алынып, бирок президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилгенин айтты.

"Азыр ал эске алынып, мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыгуу менен, парламенттин кароосуна киргизилди. Курулушчулар объектилердин долбоордук документтерин макулдашууда бир катар кыйынчылыктарга учурашат. Долбоорлоо жана куруу жүрүмдөрүн айкалыштыруу аркылуу курулушту этап-этабы менен жүргүзүү убакытты кыйла кыскартат", - деди Акматалиев.

Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар, курулуш жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан