Бекназаров, Келдибеков, Дүйшөбаевдин сотко жазган арызынын негизинде "Апрель" телеканалынын башчысы суракка чакырылды

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана "Апрель" телеканалын сотко берип, 18 миллион сом талап кылганы боюнча сот иши башталар алдында турат. Маалыматты "Апрель" ЖЧКсынын директору, журналист Дмитрий Ложников социалдык тармактардын бирине жазып, соттон келген чакыруу катынын сүрөтүн илди.

Анда белгилүү болгондой, саясатчылардын арызынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ложниковду 30-январга соттук суракка чакырган.

Белгилей кетсек, буга чейин жогоруда аттары аталган саясатчылардын ар бири Алмазбек Атамбаевден жана "Апрель" телеканалынан 3 миллион сомдон талап кылып жатышканы маалымдалган. Жалпы сумма 18 миллион сомду түзөт.

"Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложников экс-президент менен болгон маекте айтылган маалыматтар төгүнгө чыгарылбай, аларды сотко берген саясатчылар менен соттошууга даяр экенин маалымдаган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү ыңкылыптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин белгилеген. Мындан улам алар бул маалыматтын негизинде "Апрель" телеканалын жана телеканалдын эфири аркылуу интервью берген экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен. Экс-президенттин маеги бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
_adil_
2019-01-29 13:26:08
Качан ушул шакалдардан кутулабыз?????
+6
Bazake
2019-01-29 13:45:54
_adil_,Ложниковду катуу жазаласа аздык кылат. Элди жалган маалымат менен ууландырууда
-4
taalay25
2019-01-29 13:54:37
Bazake,телеканал бир нерсени кошумчаласа берсин да сотко
+2
Bazake
2019-01-29 14:33:59
taalay25,Калп маалымат таратып, адамдардын кадыр-баркына шек келтирип жатат. Апрелди да Сентябрдай кылып жаап салыш керек!
+2
Mirlan27011987
2019-01-29 15:45:46
Bazake,
Бугунку кундо накта жалган маалыматтарды Сооронбай Жээнбековтор таратып жатышат. Атамбаев баардык нерсени бетке айткан адам. Бекназаровго окшогон эргуулдар Жээнбековтун куйруктары. Атамбаев азамат. Эл ар дайым сени колдойт.
0
_adil_
2019-01-29 13:30:26
Апрелде не куноо берсе Ашаны сотко беришпейби. Ушул таз жоорулордын азабы отту тарп андыган.
+1
Bazake
2019-01-29 13:44:32
_adil_,АШАнын калп маалыматын, ушагын таратып элди бузуп жатат. Туура кылат, жооп берсин Ложников!
-1
Skarlett-Skarlett
2019-01-29 13:57:24
Bazake,Карга-кузгун деп ото туура айткан.Алмазбек Шаршенович орус пейил адам бетке айткан.Куркулдашып чуусу бутпойт бул эргулдардын
+1
Bazake
2019-01-29 14:36:13
Skarlett-Skarlett,Карга-кузгун деп айтууга эч кимдин акысы жок! Атамбаев өзү бетке айтканды жакшы көрсө неге анда бетине айткан журналисттерди куугунтуктап, миллиондогон доого жыкты. АША сотко берсе болот,башкаларга болбойбу? Тапкан экенсинер!
+3
Erik2018
2019-01-29 13:50:48
_adil_,Атамбаев дагы Ложников дагы баары мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Соттордун акыйкат чечим чыгарып беришин талап кылам.
-3
Skarlett-Skarlett
2019-01-29 13:55:34
Erik2018,сиз накта азыркы бийликтин тууганы окшойсуз?
-1
Erik2018
2019-01-29 14:38:58
Skarlett-Skarlett, Бийлик менен кайнаса каным кошулбайт. Жээнбеков болобу башкасыбы мага кызыктырбайт. Кыргызстандын жараны катары өз оюмду айтууга толук укугум бар.
+2
tursunbaev78
2019-01-29 23:10:42
Skarlett-Skarlett,сен ХХХХХ сүлгүсү окшойсуң
0
Erik2018
2019-01-29 13:49:42
Эми Ложников жалган маалымат таратканын ачыкташы керек. Атамбаев каналы болсо эле анын арыгын чаап жалган маалымат тарата бергенди ага ким укук берди. Баары мыйзам чегинде болушу шарт.
-4
Azake0103
2019-01-29 14:19:56
Атамбаев болбу же башка бир адам болобу ар бир адам айткан созуно жооп бериши керек. Жооп керчилик деген болуш керек.
+2
al-abu-kinesz
2019-01-29 14:58:53
Учурда болуп аткан саясий жанылыктарды ар бир каналдан салыштырып корсон Апрель атамбаевдин жуундукору экенин билесин. Текебаев алтын куш кармап алды деп башка каналдар айтышса,апрель Текебаев чымчык кармап алды деп айтат
+1
Mirlan27011987
2019-01-29 15:50:25
Бекназаров, Келдибеков, Дуйшебаевтер бывшый уурулар. Алардын бир жыргаткан иштери болгон эмес. Апрель канал ушул 3 эргуулдар жонундо баардык чындыкты бетке айткан. Просто булардын артында Жээнбековтор турганын унутпайлык. Тууганчыл Жээнбековтор элдин умутун актаган жок. Мындай президенттин элге кереги жок болчу.
+1
Modric10
2019-01-29 16:48:05
Башкаларын билбейм. Бирок Бекназаров деген неме тынч жашоону каалабаган элди азапка салгандан башка жакшы ишин корбодум да укпадым
+2
tursunbaev78
2019-01-29 23:12:18
ХХХХ сүлгүлөрү бар болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан