Аида Салянова: "Тууганыма айып тагуу менен мени каралоо аракеттери жүрүп жатат"

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова тууганы Калыбек Саляновдун АКШда кармалганы тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Калыбек Салянов Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.

Аида Салянованын айтымында, Калыбек Саляновго адам өлтүрүү боюнча эмес, иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу боюнча айып тагылып жатат.

"Ички иштер министрлигинин коллегиясында "Салянов Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу АКШда кармалды. ИИМдин кайрылуусунун негизинде жакында Кыргыз жерине экстрадицияланат" деген маалымат айтылды. Бул маалыматтар боюнча түшүндүрө кетсем.

Биринчиден, Салянов кыздын өлүмүнө байланыштуу эмес, АКШнын миграциялык эрежелерине байланыштуу кармалды. Анын ИИМ тарабынан изделип жаткандыгын АКШ тарап кармалгандан кийин гана билишти.

Экинчиден, ИИМ Саляновду Дүйшөбаеванын өлтүрүүгө шектелип жаткандай таризде коомчулукка пикир жаратуу аракетин көрүүдө. Бирок ал "иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу" беренеси боюнча шектелип жатат. Анткени Салянов менен Дүйшөбаева бир күндө барган саунанын ээси Алмаматов деген жаран милициянын басымы менен "Салянов ошол күндөгү видеожазууну өчүрүп сал деп тапшырма берген" деп көрсөтмө берген. Ошол көрсөтмөнүн негизинде жогоруда айтылган берене боюнча иш козголгон.

Кийинчерээк, журналист Эльнура Алканованын иликтөөсүндө Алмаматов андай тапшырма бербегендигин айтып, өз көрсөтмөсүн жокко чыгарган. Кошумчалай кетчү нерсе, Саляновдун үстүнөн козголгон берене анча оор эмес кылмыш түрүнө киргендиктен 3 жылдан кийин токтотулушу керек эле. Иш 2014-жылдын март айында козголгон. Анда бери 3 эмес, 5 жыл өтсө да токтотулган жок. Мындан улам ачык эле тууганым аркылуу мени каралоого жасалган аракетти байкоого болот", - деди Салянова.

Белгилей кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
al-abu-kinesz
2019-01-29 14:48:10
Кыргызстанда ушунчалык "адилеттуулук" орногонуна тан калып отурам. ИИМге баракелде 5 жыл мурунку ишти унутпапсынар. Эмки кезекти экс жана мурдагы президент, премьерлерден баштагыла. Акула, киттер журушсо чабакка колунарды булгайсынарбы?
-5
Nursbaike
2019-01-29 14:51:50
### Сен коп кыйын болбо ИИМ деле билет Эмне кылып атканын акылдуу боло бербе озуну айга тенеп,сенин убагында деле болду Жон эле соттолгондор ошо тууганын ыйманы жок акылсыз шерменде кылмыш Ишке аралашып журот дагы аны актайсын . Бир саясатчыга кылмыш иши ачылса эле каралап атат тиги бу озунордон башкаларды ишин эптей албай аткандай ойлоп кыйнала берет экенсинерда
+7
Skarlett-Skarlett
2019-01-29 14:55:41
Аида,очуп калсан боло.Сенин кызынды ошондой кылса эмне кылаар элен!?
+10
Skarlett-Skarlett
2019-01-29 14:56:46
Целый табор тууганынды бийликке жыйып эми кылмышкерди актаганы турасынбы?
+2
Jaznura
2019-01-29 15:53:09
Аида Салянова сиздин аганыз Камила Дуйшобаеванын олумуно туздон-туз тиешеси бар экени тастыкталды. Көп актана бербениз
+7
taalay25
2019-01-29 17:30:13
Jaznura,олумуно эмес любовь
-2
Suzak12
2019-01-30 00:59:53
Аида сен омур бою бийликте калып кала тургандай туугандарын кутурган пусть эми жооп берсин убийца должен сидеть в тюрьме.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан