Президент Сооронбай Жээнбеков "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.
Мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга багытталган.
Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга коррупциялык укук бузуулардан өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөрү каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.