Кыргыз мамлекети боюнча өткөн эки жыл аралыгында электр кубатын керектөөчүлөргө 221 миң "акылдуу эсептегич" орнотулган

"Өткөн эки жыл аралыгында электр кубатын керектөөчүлөргө 1,4 миллион "акылдуу эсептегич" коюла турган болсо, араӊ эле 221 миӊ электрондук жабдуу орнотулуптур, эмне үчүн?" Мындай пикирин депутат Бактыбек Турусбеков бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтып чыкты.

Депутат "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына караштуу энергокомпанияларда электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүүнүн абалы жөнүндө" токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда ушундай собол салды.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов мындай катачылыкты моюнуна алды.

"2019-2020-жылдары Ош шаарында "акылдуу эсептегичтер" орнотула баштайт" деди Осмонбетов.

Ал эми Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров эл өкүлүнө "акылдуу эсептегичтердин" орнотуу жумуштары эмне себептен кечигип жатканы тууралуу жазуу жүзүндө толук маалымат берүүгө убада кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан