Жол кырсыгына кабылган мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев өзүнө келип, жалпы бөлүмгө которулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда SUPER.KG'ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков кабарлады.
Анын айтымында, бейтаптын абалы учурда туруктуу.
"Бейтап алгач ооруканага алынып келгенде абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүн ал эс-учуна келип, абалы турукташкандыгына байланыштуу жалпы бөлүмгө которулду. Анын жалпысынан 4 кабыргасы сынган, баш мээси чайкалган, алгач анын ички органдары да жабыркаган деп айтылган. Бирок тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин баары жайында экени аныкталды. Ага эч кандай операция жасалбайт. Учурда тиешелүү дары-дармектер берилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Аны менен бирге ооруканага түшкөн жүргүнчүлөрдүн да баш мээси чайкалган, эч кандай сыныктары жок. Учурда алар да тиешелүү дарылануудан өтүүдө", - дейт Кубатбеков.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
27-январь күнү саат 18:00 чамасында Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында Toyota Land Cruser үлгүсүндөгү унаа 10 метрдей бийиктиктен кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерден каза болуп, 3 жүргүнчү Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Ооруканага жеткирилгендердин бири мурдагы министр Аргынбек Малабаев экендиги белгилүү болгон. Айрым маалыматтар боюнча кырсыкка кабылгандар аңчылыкка бара жаткандыгы айтылууда.