"Акнет" компаниясына карата козголгон кылмыш ишинин алкагында 85 миллион сом коррупциялык иштерден өндүрүлгөн эсепке которулду

"Акнет" компаниясына карата козголгон кылмыш ишинин алкагында 85 миллион сом коррупциялык иштерден өндүрүлгөн эсепке которулду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттик кызмат тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча депозиттик эсепке кезектеги 95 миллион 748 миң 549 сом өлчөмүндө акча которулган.

"Которулган каражаттын ичинен 85 миллион 684 миң 405 сом “Акнет” интернет-провайдерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында өндүрүлдү. Тергөө ишинин жүрүшүндө салыктык текшерүүлөрдүн натыйжалары алынып, укук бузуулар аныкталган. Бүгүнкү күндө аталган компания штаттык шартта ишин улантып жатат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 370 миллион 687 миң 965 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгону сыналгынын экранынан көрүнүп жаткан сүрөттөр жарыяланган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан