Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун ишинде көп оңтойлуу жактар, ошондой эле канааттандырарлык эмес учурлар дагы бар экенин белгиледи.
"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна үч иш-чара бекитилген, алардын ичинен бирөө гана - медициналык кызматкерлерди баштапкы жана стационардык деңгээлде финансылык өбөлгөлөө механизмин киргизүү толук түрдө аткарылды. Бул механизмдер учурда ишке киргизилип, эки деңгээлде тең колдонулууда. Жетишилген көрсөткүчтөр үчүн туруктуу негизде өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү каржылоо жүргүзүлөт. Калган эки иш-чара толук көлөмдө аткарылган жок. Саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн "Электрондук медициналык карта" программалык камсыздоону киргизүүдө медициналык мекемелерди кеңири камтуу камсыздалган эмес. 2018-жылы электрондук медициналык карта төрт гана мекемеде киргизилди", - дейт вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, медициналык тейлөөлөрдүн сапатын экспертизалоолордун көрсөткүчү олуттуу кооптонууну пайда кылат.