25-октябрда төрөлгөндөр өжөр, айтканынан кайтпаган адамдар болушат. Буларды бир нерсе жасап жатканда ойлонуп көрүүгө чакыруунун кереги жок. Анткени алар ар бир нерсени өзүнүн өжөрлүгү менен кылат жана өзүнүкүн эч качан бербейт. Кандай маселе болсо да акыр аягы өжөрлүгү менен жете алат.
Ушул күнү төрөлгөн адамдар жакын адамдары, үй-бүлөсү үчүн эч нерсени аябаган, камкор болушат. Колунан келишинче жардам бергенге болгон аракетин жумшайт.
Бул күнү төрөлгөн адамдардын кемчилиги катары мүнөзүнүн оорлугун айтсак болот. Алар ачылып сүйлөбөгөн түнт болушат. Жадакалса жакындары менен да ачык сүйлөшүшпөйт. Булар кандай жумушта иштесе да баарын өзү чечип, эч кимден кеп-кеңеш сурабайт. Ар бир нерсени өзү билип, өз алдынча жүрүүнү жактырышат. Кээде гана бирөөнүн оюна макул болбосо көбүнчө өзү гана чечет.