Астротөлгө: 23-апрелде төрөлгөндөр үй-бүлө менен карьераны чогуу алып кете алышабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

23-апрелде төрөлгөндөр алысты көрө билген көрөгөч адамдар болушат. Алардын көздөгөн ишинин аягы көпчүлүк учурда киреше алып келүү менен аяктайт. Өздөрүн көп кырдуу таланттардын арасынан издешет. Каалаган чөйрөсүн таба алышпаса токтобостон изденүүнүн үстүндө жүрүшөт. Талашып-тартышууну жактырышат, эгер сиз да талашуу менен жеңем десеңиз анда жаңылышасыз. Себеби оңой менен беттегенин беришпейт.

Ар дайым көңүл чордонунда болууну каалаган бул күндүн ээлеринин мүнөзү жумшак, ишенчээк болот, адамдарга берилүү менен мамиле жасашат. Артыкчылыктары: ички мотивациясы күчтүү болот, кандай гана кыйынчылык болбосун өздөрүнө дем берүү менен ар кандай жагдайдан чыга алышат.

Бул күнү жарык дүйнөгө келгендер сүйүүгө туруктуу, ишенимдүү түгөй боло алат. Үй-бүлөдө жоопкерчиликти сезе билген мыкты түгөйлөрдүн катарын толукташат. Карьераны да, үй-бүлөнү да чогуу алып кеткенге аракет кылып, бардыгына жетише билген ийгиликтүү адамдар. Кандай гана кырдаал болбосун жүзүнөн жылмаюусу кетпейт. Позитивдүү адамдардын сап башында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aliya-leyla
2019-04-23 08:28:01
:)))) мен бирок кулуп журбойм
0
monster_high_98
2019-04-23 15:07:39
Аябай куттум эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан