Азия футбол конфедерациясы БАЭ футбол ассоциациясынын нааразычылыгын кабыл алган жок. Бул тууралуу АФКнын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, БАЭ курама командасы Азия кубогунун жарым финалында Катар курамасы менен болгон беттештин жыйынтыгына нааразычылыгын билдирген. Эки команданын беттеши 29-январда Абу-Даби шаарында өтүп, Катар улуттук курамасы БАЭни ири эсепте - 0:4кө утуп алган. Андан кийин БАЭнин футбол ассоциациясы Катар улуттук курама командасындагы 2 оюнчунун мыйзамдуулугун кароо боюнча кайрылган. БАЭнин футбол ассоциациясы Катар курамасынын 22 жаштагы чабуулчусу Альмоез Али менен 21 жаштагы коргоочу Бассам Аль Равинин Катардын курамасында ойноого укугу жок деп эсептейт. Буга БАЭ Альмоез Али Суданда, Бассам Аль Рави Багдадда төрөлүп, 18 жашынан кийин Катарда 5 жыл үзгүлтүксүз жашаган эмес деген жүйөнү айтышкан.
БАЭ курамасынын нааразычылыгына АФК төмөнкүдөй жооп кайтарды:
"АФКнын тартип жана этикалык комитет БАЭ футбол ассоциациясы Катар курамасынын 22 жаштагы чабуулчусу Альмоез Али менен 21 жаштагы коргоочу Бассам Аль Равин боюнча жөнөткөн нааразычылыгын кабыл алган жок", - деп жазылган катта.
ФИФАнын жобосуна ылайык, оюнчулар кайсы бир өлкөнүн курама командасында ойноо үчүн 18 жаштан кийин ошол өлкөнүн аймагында 5 жыл жашашы керек. Азия футбол конфедерациясы бул эреженин негизинде жазылган арызды карап чыга турган болгон.