Бүгүн, 15-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Азия Кубогунун 3-турундагы Кыргыз-Филиппин беттешинин алдында филиппиндик футболчулар ачык машыгуусун өткөрдү.
Машыгуулар "Рашид" стадионунда өтүп, ЖМК өкүлдөрүнө алгачкы 15 мүнөт гана ачык болду.
Кыргыз-Филиппин беттеши эртең, 16-январда өтөт. Анда жеңишке жеткен команда Азия Кубогунун кийинки этабына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Буга чейин Филиппин курамасынын машыктыруучусу маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берген. Кыргыз курама командасынын ачык машыгуусу бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө өтөт.