Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Филиппин курамасын 3:1 эсебинде жеңип, плей-офф баскычына жолдомо алды. Чабуулчу Виталий Люкс хет-трик жаратып, Кыргыз курамасын алдыга алып чыкты. Аталган беттеш Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өттү. Бул жеңишти Бишкектеги күйөрмандар кызуу белгилешти. Маалымат катары айта кетсек, Бишкектеги 2 соода борборунда футболдук беттеш түз алып көрсөтүлдү.