Александр Крестинин: "Виталий Люкс жок болсо бүгүн жеңишке жете албай жана плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүбүздөн ажырап калмакпыз"

Бүгүн, 16-январда футбол боюнча Азия Кубогунда Кыргыз улуттук курама командасы Филиппинди жеңип алды. Беттештен кийинки маалымат жыйында Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин: "Биз бул жеңиш менен плей-оффко чыга алабыз деп үмүттөнөм", - деп айтты.

"Кыргыз өлкөсүн жеңиши менен куттуктайм. Биз бүгүн сапаттуу жана мыкты беттеш өткөрдүк. Биринчи болуп гол киргизип, эми биринчи жеңишке жеттик. Бардыгы бизден көз каранды эмес экенин билгенбиз, эми башка беттештердин жыйынтыгын күтөбүз. Бирок бул беттеште кереги жок голду өткөрүп алдык. Бул жеңиш бизди кийинки этапка өткөрөт деп үмүттөнөм".

Виталий Люкстун оюну кандай болду?

"Анын буга чейин эле мыкты мүмкүнчүлүктөрү бар болчу, бирок алар ишке ашпай жаткан. Бүгүн татыктуу оюн көрсөтүп, керектүү голдорду киргизди. Эми ал анын жумушу да. Виталий жок болсо бүгүн жеңишке жете албай жана плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүбүздөн ажырап калмакпыз".

Алдыга пландар кандай?

"Бизде бир эле план бар, оюнчулар калыбына келүү керек. Биз 3 оюнубузда ар бир команда менен таймаша аларыбызды көрсөттүк. Беттештердин жыйынтыгын күтүшүбүз керек.

Белгилүү болгондой, 16-январда Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында алгачкы жеңишине жетти. Кыргыз футболчулары тайпалык баскычтын 3-турунда Филиппин курама командасын 3:1 эсебинде утуп алды.

Кыргыз-Филиппин беттешинин хронологиясын бул жактан окуй аласыздар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akylai_aktan
2019-01-16 23:05:50
Кийинки оюндарда да жеңиш алып келесиздер деген ишеничтебиз!Алга Кыргызстан!
+3
umar.kgz
2019-01-17 00:00:59
Буюрса 1/8 финалга чыгат. Алга акшумкар
+1
Modric10
2019-01-17 20:32:37
umar.kgz,чыкты го
0
Keku
2019-01-17 04:05:53
Крестинин, алга! Ак-шумкарлар алга! Кыргызстан алга!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан