Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкердин эреже бузганын, орой мамилесин айтып чыккан окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" январь айындагы жеңүүчүсү болду

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери унаасын тыюу салынган жерге токтотуп койгонун, ага бул жоругу тууралуу айтканда инспектор анын кадыр-баркына шек келтирип сөгүп салганын айткан окурман Белек Алимжан уулу январь айынын жеңүүчүсү болду.

Ал "Укук коргоо кызматкерлери ушинтип укугубузду бузуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу органдар минтип өздөрү эреже бузган, мыйзам иштебеген өлкөдө жашап жатабыз", - нааразычылыгын билдирген.

Белек Алимжан уулу

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери өздөрү эрежени бузуп жатышса, аларга карата кесиптештери же протокол түзбөсө, же алар жоопкерчиликке тартылбаса четте карап тура бергенден пайда жок экен. Ушинтип интернетке жарыяласаң кичине болсо да уялышаар бекен деген ой болду. Биринчи кезек инспекторлор эрежеге так болушса анда баары сонун болмок. Азыр баарыбызга белгилүү болгондой эле таанышы күчтүүлөргө да протокол түзүлбөйт, баягы эле карапайым элге түзүлөт", - дейт Белек Алимжан уулу.

Инспекторлордун Жол эрежелери, белгилер тууралуу билип туруп мыйзам бузган мамилесин тууралуу "Эми инспекторлордун баары эле андай эмес, арасында кенебегендер бар. Ошондой кызматкерлерди кызматтан алып, айып салуу керек", - деди ал.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман.

2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман.

2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.

2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июнь айы - Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июль айы - Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, август айы - Кызымды бала бакчада тайпалашы 15 жеринен тиштеп салыптыр деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, сентябрь айы - Москвада кыргыз жигити улгайган аялды өрттөн куткарып калганын кабарлаган окурман.

2018-жыл, октябрь айы - Ошто казинолор дале иштеп жатканын жана 54 миң сомду уттуруп жибергенин кабарлаган окурман.

2018-жыл, ноябрь айы - Куршаб аймактык ооруканасында бейтаптардын оору тарыхы жазылган карталарын жана клиникалык маалымат формаларын (КИФ) берген кабинетти жөнөкөй жарандар аралап жүргөнү тууралуу маалыматты жиберген окурман.

2018-жыл, декабрь айы - Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылындагы жаңы салынып жаткан мектеп колдонууга берилбей жатып тактайлары сынып, түшүп жатканын айткан окурман.

Урматтуу окурман! Мындан ары "ЭЛДИК КАБАРГА" маалымат жиберген окурмандардын арасынан жеңүүчү тандап, смартфон ыйгаруу токтотулат. Анткени менен келип түшкөн маалыматтар, көйгөйлөр чагылдырылып, аларга карата тиешелүү жоопторду алып жарыялоо улана бермекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sagyn.91
2019-02-02 20:18:08
Белегин кут болсун!
Ал эмне асмандан тушуптурбу? Штраф токсун, мыйзам чегинде!
+3
Eli.91
2019-02-02 20:25:22
Супер силер дагы болбогон нерсе экенсинер?кайсы кабар коп талкууга тушсо ошол женуучу болот деген озунор элего?мен чыгарган кабарды талкуулагандар 30 ашып кеткен элего?талкуу жараткан учун 30 билдируудон ашса керек эле аа?
+6
Айпери Ганыжан кызы
2019-02-02 20:53:25
Eli.91, Саламатсызбы! "Элдик кабардын" жеңүүчүсү көп талкууга алынганы үчүн гана эмес, окурман тарабынан көтөрүлгөн маселенин актуалдуулугу, жарандар үчүн маанилүүлүгүнө баа берилип аныкталат.
+1
CuMBoJI
2019-02-03 14:16:09
Eli.91,сиз бир адамга издоо салганыныз учун сизге берилмек беле? Дагы суперге рахмат айт
0
munar1980
2019-02-02 22:25:27
Бул жигит ко женичуу болду ал эми Маи кызматкери не болду экен жоопко тартылдыбы жокпу ошондо жатат масале ал жигит женичуу болойун деген ой менен эмес тартипти деген мааниде жарялаган эле супер инфо ошол кызматкер жоопко тартылдыбы жокпу тартылбаса жооп берсин ошону карасанар
+10
AIA-TOO
2019-02-08 10:33:14
Жиберген кабарларга көп коммент жазгандар (Көп окушса демек коммент жазатта) жеңүүчү болобу? Же кандай абалда жеңүүчү болот? Кеебирки элдик кабарга комменттер көп жазылбаса деле жеңүүчү болуп кетишет, же тааныш-билишпи буягы?) Же ташта-жашабы)?!
0
Эльвира Караева
2019-02-08 13:09:22
AIA-TOO, Саламатсызбы. Буга чейин жеңүүчүлөр редакциянын кеңешүүсүнө ылайык аныкталып келген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан