Токмокто Хонда Фит унаасынын айдоочусу 23 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жол кырсыгы 1-февралда болгон. Кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган кыз Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилген. 2-февралга караган түнү ооруканада каза болгон.
Кылмыштын изи сууй электе жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу колго түшүрүлгөн. Белгилүү болгондой, шектүү 20 жаштагы Токмок шаарынын жашоочусу. Иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.