Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам кырсык болгон жерде каза болду. Ал эми дагы 7 адам жаракат алганы айтылды. Маалымат толукталат деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматынан.
Учурда кырсык болгон жерде жол кыймылынын кызматкерлери, ӨКМнын куткаруу кызматы жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат.
Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 4 жаран кырсык болгон жерде каза болгонун, жана бир кыз оор абалда ооруканага алынып кеткенин, башка дагы жаракат алгандар бар экенин билдирди. Жеңил унаанын айдоочусу 17 жашта болгон.
Ошондой эле автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү да жаракат алышкан.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө тактап айтканда, Киргизия-2 жаңы конушунун тушунда 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы маалымдалган.