Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жеңил унаа жөө адамды сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-март күнү кечки саат 8:00 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айылында болгон. Анда Өзгөн районунун 46 жаштагы тургуну М.Р. өзүнүн Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, жолдун оң тарабында бара жаткан жөө жүрүүчүнү сүзүп токтогон. Жабырлануучу Өзгөн районунун 46 жаштагы тургуну С.А. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБи тиешелүү соттук-медициналык экспертизаларды дайындап, тергөө иштери жүрүүдө.