Нарын шаарында жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"24-июнда саат 14:30дарда Нарын-Баетов унаа жолунда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги түркүктү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 30 жаштагы айдоочу окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми унаанын ичиндеги 4 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилген", - деп билдирди маалымат кызматы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу унааны катуу ылдамдыкта айдап бара жатып аны башкара албай калган.