Орусияда 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча айдоочу камакка алынды. Автобустагы 31 бала мелдешке бараткан

Орусиянын Калужская облусунда 31 бала мелдешке бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып 7 адамдын өмүрүн алган окуя боюнча айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, автобустун ичинде 47 адам болсо, анын 31и балдар. Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун ичинен төртөө балдар.

"Жол кырсыгынан ар түрдүү жаракаттарды алып 32 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинен 23ү жашы жете электер. Учурда бул жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынды. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жол тайгак болгон, автобустун айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, автобус оодарылып кеткен. Автобус жеке ишкерге таандык болгон", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 3-февралда Смоленск-Калуга багыты менен бараткан автобустун айдоочусу рулду башкара албай, автобус жолдон чыгып оодарылып кеткен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2019-02-05 09:03:17
Кырсык каш кабактын ортосунда!Откондордун жакындарына сабыр.Шофер байкуш эми тируунун олугу болуп калатда
0
shahlet
2019-02-05 18:36:00
тан калыштуу! спорттук мелдешке бара жаткандардын коп учурда кырсыкка учурашы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан