Бишкек шаарынын 3 тургунун ок атуучу курал менен коркутуп, акча жана телефондорун алып кеткен деп шектелип, эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 29-январь күнү шаар тургунунан 102 кызматына белгисиз жарандар коркутуу жолу менен акча жана телефондорду алып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Свердлов РИИБи Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси "каракчылык" менен каттап, шектүүлөр изделип баштаган. Көп өтпөй ыкчам-тергөө тобу шектүү катары 20 жана 19 жаштагы балдарды кармашкан. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга 2 айга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.