Бүгүн, 7-февралда 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин соттолгон УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотуу маселеси Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралууда. Ишти судья Бактыбек Сыдыгалиев карап жатат.
Суталиновду ден соолугуна байланыштуу жазасынан бошотуу тууралуу тиешелүү документтер 24-январда
сотко өткөрүлгөн. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Мурат Суталинов ден соолугу күндөн-күнгө начарлагандыгына байланыштуу Улуттук онкология борборунда химиотерапия алып жатканын айткан. Ошондой эле ал жазадан бошотулушу мүмкүн делген адамдардын категориясына кирери да белгилүү болгон.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Жактоочу Тимур Карабаев аны чыгарууга себеп болгон жүйөлөрдү келтирди. Судья документтерди прокурордун макулдугу менен ишке тиркеди.
Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралууда. Ал Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы 2017-жылы билингенин айтты.