Бразилияда жергиликтүү "Фламенго" футбол клубунун базасынан өрт чыгып, жаш футболчулар каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, өрт таңкы саат 5те 14-17 жаштагы футболчулардын жатаканасы жайгашкан аймактан чыккан. Акыркы маалыматтарга ылайык, өрттүн кесепетинен 16 жашка чейинки 10 футболчу каза болгон. Дагы 3 футболчу оор абалда ооруканага жаткырылган.
Кырсыктын негизги себеби катары аба ырайынын начарлашы каралууда. "Фламенго" клубунун базасы жайгашкан Рио-де-Жанейро шаарында акыркы убакта жаан жаап, катуу шамал жүрүп жаткан. Шамалга байланыштуу электр энергиясында чукул туташуу пайда болуп, жыйынтыгында өрт чыккан деген божомолдор айтылууда.