Бийликти сындаган көзү азиз акын Темирлан Ормуковго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

7-февралда Октябрь райондук соту акын Темирлан Ормуковго карата козголгон кылмыш ишин кыскартты. Буга депутат Дастан Бекешевдин жазган арызын кайтарып алганы себеп болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Темирлан Ормуков билдирди.

Ал соттун чечими саясий кадам деген пикирин айтты. "Иш кыскартылганы менен, мен кылмыш жообуна тартылган адам катары калдым. Эгерде толук акталып кетсем мага карата кылмыш ишин козгогондорду, судья, прокурорлорду жоопко тартуу керек болот. Дастан Бекешев арызын артка кайтарып албайм деп эле турган. Судьялар өздөрү жоопко тартылбаш үчүн аны көндүрсө керек. Мен буга каршымын. Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылам. Ошондой эле Кыргыз өкмөтүн сотко берүүгө укугум бар экен. Бул боюнча юристтер менен кеңешип жатам", - деди Ормуков.

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков өз ырлары менен бийликти сындап келген. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындаган "Ажонун ооруп жүрөгү" аттуу ыры коомчулукта резонанс жараткан. 2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап социалдык түйүндөргө жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев бергени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-02-11 15:40:54
Акырына чейин курош кылмыш козгоордо мыйзамга карап иш кылыш керек болчу алакуш десе эле асыла беришбей,карапайым адамдын укугун тебелей берсе боло береби. Жоопко тартылышы керек кызмат абалын ашыкча пайдалангандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан